Футболчу Мирлан Мурзаев ойногон "Афжет Афьонспор" клубу Түркиянын 3-Лигасына жолдомо алды

Футбол боюнча улуттук кураманын чабуулчусу Мирлан Мурзаев ойногон "Афжет Афьонспор" клубу Түркиянын 4-Лигасында жеңүүчү аталып, 3-Лигага жолдомо алды. Аталган команда плей-офф беттешинде Стамбулдун "Халиде Эдип Адиварспор" клубун 2:0 эсебинде утту.

Жеңиш алып келген голдор оюндун 2-таймында кирди. Голдорду Назми Жандоган менен Өмер Фарук Эрмеч киргизди.

Кийинки сезондон тарта "Афжет Афьонспор" клубу 3-Лигада ойноп баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан