23-апрелде Орусиянын Санкт-Петербург шаарында бий спорту боюнча эл аралык мелдеш орун алды. 10 мамлекеттен 115 жуптук катышкан мелдеште кыргыз спортчулары медаль тагынышкан жок.
КРнын Бий спорту боюнча федерациясынан кабарлашкандай, мелдеште Алексей Кибкало жана Татьяна Когадей жуптугу мамлекетибиздин желеги астында өнөр көрсөтүп, 4-орунду камсыздашты (Латын Америка программасы боюнча).