25-28-апрель күндөрү Ош шаарында ордо оюну боюнча республикалык биринчилик өтөт. Ош мэриясынан кабарлашкандай, мелдеш Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинде өткөрүлөт.
SUPER.KG порталына Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунан кабарлашкандай, мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген курама командалар катышат. Мелдештин жыйынтыгында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бара турган улуттук курама команданын курамы бекитилет.
Кошумчалай кетсек, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 2016-жылдын 3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көл облусунда өткөрүлөт. Оюндардын программасында 25 спорт түрү бар.