Борбордо "мас абалында кафелердин биринен столду сындырган" деп шектелген 3 аял кармалды

Борбор калаада "мас абалында кафелердин биринен столду сындырган" деп шектелген 3 аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 25 жаштагы К.Ф. аттуу тургун кайрылган. Ал саат 19:00 чамасында борбордогу Панфилов эс алуу багынын ичинде жайгашкан кафелердин биринен европа улутундагы 35-40 жаштардагы мас аялдар тополоң кылып, столду сындырып кетишкенин билдирген. Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бейбаштык фактысына шектелип Бишкек шаарынын 33 жаштагы О.О., 49 жаштагы П.Е. жана 53 жаштагы К.О. аттуу тургундары кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aiko15
2016-04-25 14:00:07
бул жерде ичи откон дебейеле столду сындырган деп туратго жанылышпасам
-1
Aidowi
2016-04-26 03:04:06
Тиякта абактан коркунучтуу кылмышкерлер качып атса,булар журушот бейбаш аялдар мн стол сындырышып))
0
admin_portal
2016-04-26 09:27:18
Bek-Laden.80, Rifle_3, Elcinor, этика нормаларын сактап, мазактоодон алыс болуңуздар! Азырынча оозеки эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан