Бишкек шаарында уурулук фактыларына шектелген жарандар кармалышты

Бишкек шаарында уурулук фактыларына шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен Бишкек шаарынын 30 жаштагы М.Т. аттуу тургуну кайрылган. Ал 2015-жылдын ноябрь айында короосунда токтоп турган Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасынын ичинен 1000 долларын жана 4 миң сом акчасын белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Маевка айылынын 29 жаштагы С.Р. аттуу тургуну кармалды.

Ушул сыяктуу арыз менен Бишкек шаарынын 30 жаштагы К.Ч. аттуу тургуну да кайрылган. Ал белгисиз адамдар анын үйүнөн 2 миң сомдук сумкасын жана 700 сом акчасын уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иштердин алкагында кылмышка шектүү катары Маевка айылынын 29 жаштагы С.Р. жана Военно-Антоновка айылынын 25 жаштагы Ж.М. аттуу тургундары кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан