Бишкек жана Жалал-Абад шаарларынан мыйзамсыз түрдө ок атуучу курал алып жүргөн жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, тиешелүү ыкчам иликтөө иштеринин алкагында баш калаанын Тоголок Молдо жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен 26 жаштагы П.А. аттуу жарандын жеке буюмдарын текшерүү учурунда 9-калибрдеги 4 ок табылган. Борбор калаанын Р.О. аттуу дагы бир тургуну мыйзамсыз ок атуучу куралды сактап жүргөндүгү аныкталган. Текшерүү учурунда кармалган жарандын жанынан пневматикалык тапанча табылган.
Ошондой эле Жалал-Абад шаарындагы май куюучу жайдын жанынан алдынкы номери жок Дэо Тико жеңил унаасы токтотулуп, текшерүү учурунда Супер 35 үлгүсүндөгү газ тапанча табылган. Учурда аталган фактылар боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.