Борбор калаада катталган жол кырсыгында жүргүнчү оор жаракаттарды алды

Борбор калаада катталган жол кырсыгында унаанын жүргүнчүсү оор жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде "Тез жардам" кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 02:13 чамасында "Тез жардамдын" нөөмөт кызматына Байтик баатыр - Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинен жол кырсыгы катталганы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган "Тез жардамдын" кызматкерлери жол кырсыгына учураган унаалардын биринин мас абалдагы 35 жаштагы жүргүнчүсү башынан оор жаракат алып, баш мээси чайкалып, бетинен жана оозунан жаракат алганын аныкташкан. Жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ал ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан