Бишкекте жүрүп бараткан троллейбустун кабелдери күйүп кетти, жабырлануучулар болгон жок

Бишкекте жүрүп бараткан троллейбустун кабелдери күйүп кетти, жабырлануучулар болгон жок. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде SUPER. KG порталына Бишкек троллейбус башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 25-апрелде Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен троллейбустун кабели күйүп кетип, троллейбус токтотулган. Жүргүнчүлөр тез арада сыртка чыгарылып, кийин троллейбусту сүйрөтүп кетүүгө туура келген. Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрт токтун катуу берилүүсүнөн улам келип чыгышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
admin_portal
2016-04-26 09:52:42
Rifle_3, сүрөт кошулду. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек!
0
rixeorguq
2023-01-22 14:11:00
! ! !
0
rixeorguq
2023-01-22 14:11:00
! ! ! !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан