Акыркы 10 күн аралыгында мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 8 килограммдан ашуун баңгизат алынды

Акыркы 10 күн аралыгында мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 8 килограмм 474 грамм баңгизат алынды. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, 14-апрелден 24-апрелге чейинки убакыт аралыгында 7 баңги кылмышы катталып, жалпы салмагы 8 килограмм 474 граммды түзгөн баңгизат (629 грамм гашиш, 7 килограмм 845 грамм марихуана) алынып, 10 адам кармалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында 14-апрель күнү Бишкек-Каракол унаа жолунан БМВ үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө токтотулган. Унаанын 1969-жылы туулган У.А. аттуу жүргүнчүсүнүн жанынан жалпы салмагы 7 килограмм марихуана табылган. Ал эми 16-апрель күнү Аламүдүн районунан Ысык-Көл облусунун 1989-жылы туулган М.К. аттуу тургуну кармалган. Анын жанынан 22 грамм гашиш жана 343 грамм марихуана, жалпы салмагы 365 граммды түзгөн баңгизат алынган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Anarbek58
2016-04-25 16:40:24
Кыргызстан наркотрафикке айланып бараткан жокпу.Ушунун баары жумушсуздуктан чыгып жаткан чыгар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан