Талас. Кара-Буура районунда 17 жаштагы окуучу асынып каза болду

Кара-Буура районуна караштуу Бакайыр айылында 17 жаштагы окуучу асынып каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде SUPER.KG порталына Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 23-апрелде саат 13:00 чамасында болгон. Анда сабактан үйүнө келген 1999-жылы туулган өспүрүм кыз короосундагы сарайына барып асынып алган. Кыздын жансыз денесин апасы көрүп калган. Учурда кыздын өлүмүнө эмне себеп болгондугу аныкталууда.

Белгилүү болгондой, акыркы учурда өспүрүмдөр арасында өз өмүрүнө кол салуу фактылары көп катталып жаткандыгына байланыштуу окуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
cholponka91
2016-04-25 16:48:31
иий не болуп баратышат, баары эле асынып алса киши калабы деги бул дуйнодо
+2
bolotbai4
2016-04-25 17:13:03
Иий жаман болуптур,эми Кыргыз ушинтип кырылып кете беребизби чекеден.Негизи базар магазиндерде аркан жип шууларды сатууга тыйуу салыш керек,жип да арактын катарында адамдардын муунтуда.
-3
barsbegKG
2016-04-25 17:51:28
bolotbai4,Сиздин оюнузча жип муунуш учун чыгарылыптыр да!? Калк ичинде тушундуруу иштерин алып барып, кыска ойлууларды жакшы тарбиялаш керек!
+5
bekish.94.95
2016-04-25 17:17:45
Жаткан жери жайлуу болсун,Уй-булосуно кудай таалам сабр берсин.
+3
Melima
2016-04-25 17:56:54
Жаткан жери жайлуу болсун
0
Rifle_3
2016-04-25 20:52:51
Чоңдор налог салдыбы , же бирөө коркуттубу, деп зордуктоо болдубу ?
Себебин билбесек кыйын да. Же акыркы катын жазып кетсе жеңил болот беле ата энесине.
Кудай сактасын жаштарыбызды.
0
Moskva.kg
2016-04-26 12:15:30
Жаткан жери жаннаттан болсун,билбей туруп ар нерсени жазгандын кажети жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан