Араван районунда мындан эки жыл мурун май куюучу жайды тоноого шектелгендер кармалышты

Араван районунда мындан эки жыл мурун май куюучу жайды тоноого шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 2014-жылы 4-ноябрь күнү саат 23:00 чамасында Араван районуна караштуу А.Анаров айыл аймагында орун алган. Анда белгисиз үч адам май куюучу жайга келип, 500 сомго бензин куйдуруп, кийин операторго күч колдонуу менен 25 миң сомдон ашык акчаны алып кеткен. Кылмышка шектүүлөрдүн экөө буга чейин кармалып, ал эми дагы бири мурда сот жообуна тартылган Кара-Суу районунун 1992-жылы туулган Б.Б. аттуу тургуну борбордо жашынып жүргөнү аныкталган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Б.Б. аттуу жаран шаардан кармалды. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары аяктап, жакынкы арада сотко өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
saparali96
2016-04-26 09:21:19
Камап салуу керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан