Ысык-Көл облусунда баңгизат менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 25-апрель күнү Каракол шаарынын Токтогул көчөсүнөн 33 жаштагы Алмаз А. аттуу жарандын жеке буюмдарын текшерүү маалында шымынын чөнтөгүнөн кагазга оролгон гашиш табылган. Ошол эле күнү Боз-Учук айылынын 60 жаштагы Шайшекен Э. аттуу тургунунун үйүнүн жанынан өздүк кароо учурунда колунда көтөрүп жүргөн мүшөктүн ичинен жалпы салмагы 575 граммды түзгөн марихуана алынган.
Кармалган эки жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.