Бишкектеги соода борборлорунун биринин жанынан "унаанын мамлекеттик номурун чечип кеткен" деген шек менен 25 жаштагы жаран кармалды

Бишкектеги соода борборлорунун биринин жанынан "унаанын мамлекеттик номурун чечип кеткен" деген шек менен 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 42 жаштагы Ш.Т. аттуу жаран кайрылган. Ал болжол менен саат 18:00 чамасында белгисиз адамдар Киев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан соода борборунун алдында токтоп турган Ниссан Блюбёрд үлгүсүндөгү унаасынын арткы мамлекеттик номурун уурдап кетишкенин билдирген.

Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 25 жаштагы С.А. аттуу шаар тургуну кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан