Пакистан. Уулунун туулганын белгилеп той өткөргөн жаран жана анын 22 коногу таттууга ууланып каза тапты

Пакистандын Пенджаб провинциясында уулунун туулганын белгилеп той өткөргөн жаран жана анын 22 коногу таттууга ууланып каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, каза тапкандардын 11и үй ээсинин жакын туугандары, ал эми калганы үй-бүлөнүн жакын жоро-жолдоштору болгон. Коноктор улуттук өзгөчө салтанаттарда же майрамдарда берилчү тоголок формадагы 4,5 килограммдай "ладду" таттууларынан ууланышканы маалым. Той учурунда жабыркагандардын саны 77 адамды түзгөн, учурда 5 адам оор абалда экени айтылууда.

Тойдо 23 адамдын өлүмүнө себепкер болгон таттууларды жасаган кондитердик дүкөндүн 2 ээси жана 1 кызматкери камакка алынды. Алдын ала маалыматтарга ылайык, буга чейин таттуулар сатылуучу дүкөнгө уулуу заттарды сатуучу коңшу дүкөндүн ээси оңдоо иштерине байланыштуу бир нече мүшөк уулуу заттарды убактылуу коюп кеткен. Азыркы тапта "таттууларга ошол мүшөктөрдөн уулуу заттар түшүшү мүмкүн" деген божомолдор жүрүүдө. Белгилүү болгондой, аталган таттуулардан каза болгондор өткөн жумада да катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Angel92
2016-04-26 13:21:47
Кудай сактааа
+3
Nazikbaigazy
2016-04-26 14:52:17
Жаман болуптур
+1
dubai
2016-04-26 17:21:21
бечаралар,бейишке чыксын,кобунчосу жаш балдар болсо керек..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан