Бүгүн, 26-апрелде Бишкек шаардык сотунда коррупция боюнча айыпталып жаткан экс-чиновник Данияр Нарымбаев жана Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча соттук кароо болмок. Бирок ишти карап жаткан шаардык сотунун судьясы Жаңыл Мамбеталынын үй-бүлөлүк себептерине байланыштуу келбей калгандыгынан улам соттук отурум 13-майга жылдырылды.
Эске салсак, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган. Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ал эми Хажимурат Коркмазовго “пара алуу” беренеси боюнча айып тагылган.