Бишкекте айдоочу 8 жаштагы баланы сүзүп, ал каза болуп калды

Бишкекте айдоочу 8 жаштагы баланы сүзүп, ал каза болуп калды. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, кечээ, 25-апрелде саат 07:10 чамасында
Л.Толстой көчөсү менен чыгышты карай бара жаткан Хонда Аккорд унаасынын 23 жаштагы айдоочусу 8 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Окуя болгон жерден ага тиешелүү жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген, бирок алган оор жаракаттарынан улам бала каза болду. Аталган факт боюнча азыркы тапта соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
boke88
2016-04-26 12:51:02
кааап((кудай сакта,аландабай жакшына карап айдабайбыыыы!!!!?
0
Bakytbek.Satibekov
2016-04-26 13:19:20
МАИлердин жолдо турганы жакшы МАИлер жолдо турбай кырсыктар коп болуп жатат пешегодон отуш кыйын болуп калды
+3
Janybaev98
2016-04-26 13:32:15
Оо кудай ата энесине жалко...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан