Өлкө аймагында күчү 4 баллга жеткен жер силкинүү катталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн эртең менен саат 09:21 чамасында Нарын облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер силкинүү катталды. Алдын ала маалыматтарга караганда, жер силкинүү Кош-Дөбө айылынан 35 чакырым түштүк-чыгышты карай, Нарын облусунун Жерге-Тал айылынан 60 чакырым түштүк-чыгышты карай, Жалал-Абад облусунун Макмал айылынан 75 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашты. Кош-Дөбө айылында жер силкинүүнүн күчү 2,5 баллга сезилген. Кыйроолор жана жабыркагандар жок.