Чүй облусунда "мурунку аялын зордуктап, анын жашаган үйүнүн эшигин өрттөп кеткен" деген шек менен 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 24 жаштагы Сарбан айылынын тургуну кайрылган. Ал 8-апрелге караган түнү анын мурунку күйөөсү келип, күч колдонуу менен зордуктап, ал жашаган үйдүн эшигин өрттөп кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 31 жаштагы Жаңы-Жер айылынын М.А. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча "зордуктоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.