Борбор калаада белгисиз адамдар 30 жаштагы аялды бычактап кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 03:59 чамасында "Тез жардамдын" нөөмөт бөлүмүнө Баетов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде аял бычактан жаракат алганы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган кызматкерлер 30 жаштагы мас абалдагы жабырлануучу түнкү саат 01:00 чамасында сыртка чыгып, ага белгисиз 3 адам кол салып, төшүнө бычак сайып кеткенин аныкташкан. Жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ал ооруканага жеткирилген.