Борбор калаада патрулдук милициянын кызматкерлери жол эрежесин бузган айдоочуну кууп баратып жол кырсыгына учурашты

Борбордо патрулдук милициянын кызматкерлери жол эрежесин бузуп, токтобой качып кеткен айдоочуну кууп баратып башка унааны сүзүп кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде SUPER.KG порталына Жол-патрулдук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, жол кырсыгы саат 12:35 чамасында Шабдан баатыр жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда Жол-патрулдук милициясынын кызматкерлери жол эрежесин бузган айдоочуга токтоо үчүн белги беришкен, бирок ал буйрукка баш ийбей изин жашырууга аракеттенген. Айдоочунун артынан түшкөн кызматкерлер унаа жуучу жайдан чыгып келе жаткан унаа менен сүзүшүп, кийин турак жайдын тосмосун сүзүшкөн. Натыйжада аталган кызматкерлер жана алар сүзүп кеткен унаанын айдоочусу ар түрдүү жаракаттарды алды. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Борбор калаада патрулдук милициянын кызматкерлери жол эрежесин бузган айдоочуну кууп баратып жол кырсыгына учурашты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Bolot15
2016-04-26 17:31:07
Мелис байке машина аз машина сатып алалы деп жүрсө бул жакта дагы машина жараксыз болду.
+2
Anarbek58
2016-04-26 17:56:13
Бир аз акчага иштеп алалы дер куушканда сакчыларыбыз.Оздору жол эрежелерин бузуп кууп жоногонда азаматтар.Жазаларын тартышсын Эми
+4
Aselya2891
2016-04-26 20:18:59
Anarbek58,анда токтобой качып кетсе артынан куубай калып калыш керек экен да,ээ? Анда андай копкон айдоочулар кочого форсаж кылып жыргашпайбы
!
0
dasta
2016-04-26 17:58:52
Досторуна буркут бербей. Патрул машиналарын кобойтсун.
0
mirlan15
2016-04-26 18:07:01
Мага жакты !
0
bond0202
2016-04-26 18:22:59
Есть!
0
Bazana
2016-04-26 20:06:44
Ошондо эрежени бузган айдоочу качып кеттиби
0
Bolot15
2016-04-26 21:07:23
Bazana,как кинодогудай ал кетти.
0
Anarbek58
2016-04-26 21:40:56
Aselya2891 Эреже бойунча менин билишимче алардын кууга акысы жок болуш керек.Аларга Кыргыз почтасынан "Жаза" чеги келиш керек Министир мырза эреже чыгарды элего
+1
abusait
2016-04-26 21:42:59
Мына сага реформа!! Бул чийки мыйзамдын кесепети. Эми кимге пайда кимге зыян болду? Откондо эле токтотуш керек болчу мындай иштерин. Эми турганбаев эмне деп актанаар экен?
+1
bolotbai4
2016-04-26 22:04:27
Чала болот ГАИ лерге,эми машинасын толосун беркинин.Дагы жакшы ажалы жетбептир кел...лордун.
+1
ilim07
2016-04-26 23:04:20
Оздору окубай эле алса праваны анан ошондой болот да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан