Өмүр бою эркинен ажыратылгандардын 250дөн ашууну Жаңы-Жер айылындагы абакка көчүрүлдү

Өмүр бою эркинен ажыратылгандар февраль айынын аягынан баштап Жаңы-Жер айылындагы
№19-абакка көчүрүлүүдө. Учурда өмүр бою эркинен ажыртылган 50дөй айыпкер өз кезегин күтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде SUPER.KG порталына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Өмүр бою эркинен ажыратылгандар 29-февралдан бери №19-абакка этап-этап менен көчүрүлүүдө. Бүгүнкү күндө алардын ичинен 250дөн ашууну аталган абакка көчүрүлдү. 50дөй айыпкер жакынкы убакыт аралыгында көчүрүлөт", - деп билдиришти Жаза аткаруу кызматынан.

Айта кетсек, бүгүнкү күндө өмүр бою эркинен ажыратылгандардын саны 300дөн ашкан. Жаңы-Жер айылындагы абактын жаңы курулган биринчи имараты февраль айында пайдаланууга берилип, азыркы тапта абактын аймагындагы экинчи имараттын курулуш иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Usow
2016-04-26 16:14:20
Жакшы экен
+1
ashir
2016-04-26 16:18:32
sossys jarialach kerekpi
0
Rifle_3
2016-04-26 16:36:31
Новая земля деген фильм көрсөңөр. Ошондой сыяктуу бизде да болдубу ?
0
badboy1111
2016-04-26 17:33:14
Алар ушуга жараша кылмыш кылышкан анан аларды омур бою эркинен ажыраткан, омур бою эркинен ажыраткандан кийин бекер тамак, бекер кийим берип расхот кылгандан коро, ошолорго кеткен акчаны андан коро пенсия, пособиени ак меенет кылган кары картандарга берсе жакшы болмок, атып салышпайбы айбандарды, хорошие люди плахие паступки не делают
0
Tansuluu09
2016-04-26 18:32:18
badboy1111,
Алар ачкадан эле олушсунбу ошондо
0
badboy1111
2016-04-27 00:31:27
Tansuluu
ачкадан эмес атып салыш керек
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан