Футбол боюнча улуттук курам 2-июнда Бишкекте Ливан курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул беттеш Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) расмий жолдоштук беттештеринин катарына кирди.
Аталган федерациянын расмий сайты кабарлагандай, беттеш 2-июнда Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
Буга катар ФИФАнын сайтында кыргыз футболчуларынын Казакстан курамасына (30-август), Филиппин курамасына (6-сентябрда кыргыз жеринде, 9-ноябрда конокто) каршы оюндарынын так датасы көрсөтүлгөн.
Кошумчалай кетсек, апрелдин башында жаңыланган рейтинг боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курамасы 100-орунду ээлеп турат. Ал эми Ливан 157-орунда жайгашкан.