Бишкекте өткөн мелдеште кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпиондору аныкталды

25-апрелде Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпиондугу болуп өттү. Өлкөнүн бардык аймактарынан келген балбандардын катышуусундагы мелдеште 270 балбан 7 салмак категориясында күч сынашты.

Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунан кабарлашкандай, мелдеште алдынкы орунду ээлеген балбандар II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өлкө намысын коргоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Салмак категориялары боюнча өлкө чемпиону аталган балбандар:

55 килограмм салмакта: Тынчтыкбек уулу Бекзат

60 килограмм салмакта: Сымбатбек Алымбеков

66 килограмм салмакта: Зыямидин Садыбеков

74 килограмм салмакта: Тариэл Үсөнов

84 килограмм салмакта: Бектуркан Кожомуратов

96 килограмм салмакта: Нурбек Кожобеков

96 килограмм салмакта: Бекболсун Кушубаков

Биринчиликти уюштурууга Улуттук оюндар боюнча дирекция 180 миң сом бөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан