Балыкчыда күйөөсүнө таарынган 27 жаштагы келин дары ичип алып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-апрель күнү саат 18:00 чамасында Балыкчы шаарындагы үйлөрдүн биринен 1989-жылы туулган К.Ж. аттуу келиндин жансыз денеси табылган. Маркум агасынын үйүнө келип, көп өлчөмдөгү дары-дармек ичип каза болгону аныкталган. Өз өмүрүнө кол салган келиндин агасы анын жанынан күйөөсүнө таарынып ушундай кадамга барганын жазган катын таап алган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.