Футбол боюнча Азия чемпиондугунда өспүрүм кыздардан түзүлгөн курамабыз Бутанга утулуп калды

Бүгүн, 26-апрелде Тажикстанда 14 жашка чейинки курактагы кыздар арасында Азия чемпиондугу старт алды. Түштүк Азия жана Борбордук Азия зоналары боюнча өтө турган мелдешке Кыргыз Республикасынын өспүрүмдөр курамасы катышууда.

КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, мелдештин 1-турунда кыргыз кыздары Бутан курамасы менен беттешип, 2:1 эсебинде утулушту. Бутан курамасы 2 голду алгачкы таймда жаратты. Кыргыз футболчуларынан Айяна Кемелбаева айырмаланды.

27-апрелде футболчу кыздарыбыз Иран курамасына каршы беттеш өткөрүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
eldar.
2016-04-26 18:11:57
Ушу аял затынын футбол ойногонун каалабайм негедир.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан