Бишкекте күйөөсүн жиликтеген келиндин сот иши белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Бүгүн, 27-апрелде Октябрь райондук сотто күйөөсүн жиликтеген 26 жаштагы С.Айдайдын иши боюнча соттук кароо болмок. Иш башка судьянын кароосуна өткөрүлүп, ал бул иш менен толук тааныша электигине байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Соттук отурум май айындагы майрамдардан кийинкиге жылдырылып, бирок кайсы күнгө экени айтылган жок.

Буга чейин аталган ишти карап жаткан судья шаардык сотко которулуп кеткендигине байланыштуу башка соттун кароосуна өткөрүлүп, соттук отурум 4-апрелге, андан кийин 27-апрелге жылдырылган.

Айта кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы 18-августта кармалып, ал кылмышын моюнуна алып, күйөөсү экөөнүн ортосунда уруш чыгып, аны бычактап, кийин жиликтеп салганын билдирген. Айыпталуучу менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
radyakiz
2016-04-27 09:39:01
Откондо да жаздым эле азыр да жаза кетейин,ушинтип созуктуруп анан срогу бутту деп чыгарып салышы мумкунбу? Юрфактта окугандар барбы
+5
Medina87
2016-04-27 11:09:49
Бардыгы далилденген сон сот эмне учун чечим чыгара албагандыгына танмын??
+4
Nasi1981
2016-04-27 11:11:25
Крупный акча таштап ооздорун булгап койгон го сыягы.
+2
raiana53
2016-04-27 12:12:24
баардыгы ачык турса эмнеге соттой албай жатышат тушунбойм,озу горсотуп бердилего кандай кылып олтургонун эми эмнесин чоюп жатышат
+2
Jaka1978
2016-04-27 12:21:27
Сотторун деле бир ХХХ ХХХ, эмнеси менен таанышат , жогоруда айткандай олтурдум деп, мойнуна албатса, нары-бери бутурушпойбу, бир жыл болгону калды
+1
admin_portal
2016-04-27 12:26:59
Jaka1978, кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынган! Эскертүү!
0
Aselina87
2016-04-27 12:26:50
Ak4a berdi da ..emnesi tuwunuksuz..ka4an ele bizdin sot tuura 4e4im 4ygar4u ele
+1
Elizza
2016-04-27 17:30:46
Aselina87,туура айтасын
0
chonkurulush
2016-04-27 14:28:34
Соттоочу киши башка жака которулду дейт шылтоо бул келип ишини аягына чыгарып койсо эмне болот
+1
adel
2016-04-27 15:15:24
Экинчи тараптан дагы кабар алып бериниздерчи,балдары эмне болду экен ошолор туралуу кененирээк маалымат берип койсонуздар? Чон рахмат!
0
Ruslan4458
2016-04-27 17:04:05
Акчасыны алып жылдырып атат башка эмне болмок эле
+1
aisu12345
2016-04-27 20:31:25
Точчна бул кыз кутулуп кетет.Жогорку билимдуу адамдын колунан ушул иш келсе, башкадан эмнени кутууго болот . тообо ошончолук олтурот экен жок дегенде денесин болукторго болбой эле койбойбу кантип колу барды экен .Балдары чонойгондо кантип болчукторго болдугуз деп сураса кантип жооп берет экен десен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан