“Атлетико” (Испания) – “Бавария” (Германия)
Стадион: Мадрид шаары, "Висенте Кальдерон" стадиону
Калыс: Марк Клаттенбург (Англия)
Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты боюнча)
Бүгүн, 27-апрелде футбол боюнча өткөрүлгөн эң ири клубдар аралык лига – Чемпиондор Лигасында “Атлетико” – “Бавария” беттеши орун алат. Испаниянын Мадрид шаарында өтчү беттеш тууралуу команданын машыктыруучулары төмөнкүдөй ойлорун айтышты.
Диего Симеоне, “Атлетиконун” башкы машыктыруучусу:
- Биздин команда жеңиш тууралуу гана ойлонот. Албетте, оюн кыйын болорун, атаандаштын чабуул уюштурууда мыкты экенин билип, сезип турабыз. Бирок күчтү, мүмкүнчүлүктү эффективдүү колдонгон команда жеңишке жетишерин эске алышыбыз керек. Эки команда тең өз өлкөлөрүнүн биринчиликтеринде чемпиондук үчүн ат салышып жатат, бул мелдешке да күч сарптоо керек.
Хосеп Гвардиола, "Бавариянын" башкы машыктыруучусу:
- Жарым финалга жеткен команданын баары күчтүү. "Атлетикону" жакшы билебиз, мыкты команда. Аларды “Реал” же “Барселона” менен салыштыруу мүмкүн. Симеоне клуб менен көп ийгиликтерге жетишти. Бүгүн мыкты оюн болот деп ишенем. Албетте, атаандаш коргонууда мыкты ойнойт, каршы чабуулду мыкты уюштурат. Финалга аз ката кетирген команда чыгат. Андыктан атаандашты жаза басканга мажбурлайбыз.