Жалал-Абад облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, турак жайлардын жер төлөлөрүнө чейин суу кирип кетти

Жалал-Абад облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, турак жайлардын жер төлөлөрүнө чейин суу кирип кетти. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-апрелде саат 06:00 чамасында Базар-Коргон районундагы Могол айыл аймагынын Ооган-Талаа айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, 9 кожолуктун турак үйүн жана 46 кожолуктун короосун суу каптаган. Маданият үйүнүн жер төлөсүнө сел суулары кирип, бирок кыйроолор катталган жок. Комиссия суу каптаган 9 кожолуктун турак жайларында жеринде тактоо иштерин жүргүзүшүп, азыркы учурда сел суулары турак жайлардын жер төлөлөрүнө топтолуп тургандыктан, жабыр тарткан даражаларын так аныктоо мүмкүн болбогондугуна байланыштуу анын жыйынтыгы 10-15 күн аралыгында чыкмакчы. Комиссия турак жайларды кайрадан изилдеп чыгып, техникалык абалына баа берет. Жергиликтүү тургундардан 46 киши жана 3 суу сордуруучу мотопомпа тартылып, жергиликтүү тургундар тарабынан тазалоо жумуштары жүргүзүлүүдө.

Ал эми 26-апрелде саат 04:00 чамасында Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы Алмалуу-Булак айылынын Үч-Чат жайлоосунда 24-апрелде түшкөн жер көчкүнүн жогору жагынан дагы бир жер көчкү түшкөн. Көчкүдөн телемунарадан кеткен электр чубалгысынан 1 даана темир-бетон мамысы кулап, электр чубалгысы үзүлүп кеткен. Электр энергиясы 24-апрелде жер көчкү коркунучунан энергетиктер тарабынан өчүрүлгөн. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Жер көчкүнүн жылуусу активдүү, алдынкы тарабы Алмалуу суусуна жетип токтогон. Суу 1 секундасына 10 литр көлөмүндө агып жатат. Жер көчкүнүн мындан аркы жылуусунан Алмалуу суусу толук тосулуп, андан 8 чакырым төмөн жайгашкан Алмалуу-Булак айылына (73 кожолук) коркунуч туудурушу мүмкүн. КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сузак райондук бөлүмүнүн башчысы, Өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо жана мониторинг департаментинин башкы адиси жана Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысы жеринде изилдөө иштерин улантышып, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Жайыт комитетине жер көчкүнү мындан ары да көзөмөлдөп туруу милдеттендирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан