Жалал-Абадда жеке ишкердин үйүн тоноого шектелген жарандар Сокулуктан кармалышты

Жалал-Абадда "жеке ишкердин үйүнө кирип бычак менен коркутуп, ири суммага бааланган буюмдарын уурдаган" деп шектелген жарандар Сокулуктан кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 26-апрелге караган түнү Сузак районунун Ырыс айыл аймагында жашаган жеке ишкердин үйүнө белгисиз 4 жаран кирип, 50 жаштагы үй ээсин сабап, кийин 46 жаштагы жубайы экөөнү жип менен байлап, бычак менен өлтүрө тургандыгын айтып коркутуп, сейфтин ачкычын алып, баалуу зер буюмдарын уурдап кетишкен. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 800 миң сомду түзгөн.

Бул факт боюнча “каракчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жүргүзүлгөн иштердин алкагында кылмышка шектелип Ош облусунун 23 жаштагы Ж.А., 25 жаштагы С. у. Н., Ысык-Көл облусунун 29 жаштагы К.Н. жана Жалал-Абад облусунун 23 жаштагы Т. у. Э. аттуу тургундары Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылынан кармалышкан. Кылмышка шектүүлөр жашынган батирди тинтүү маалында уурдалган зер буюмдар табылган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kinsion
2016-04-27 13:00:03
к
+3
admin_portal
2016-04-27 13:18:48
kinsion, провокация жаратпаңыз! Эскертүү!
0
Anarbek58
2016-04-27 13:57:50
Кинодогудай болуптурго
0
Medina87
2016-04-27 14:23:58
Акылдары ушуга жетсе кантишсин.
Отурушсун эми кебетелери ансайын келишип. Болгону буларды турмодо багууга кеткен кайран каражат...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан