Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 4 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Кара-Кулжа районуна караштуу Карагуз айыл өкмөтүндөгү Көк-Ирим айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда 210 чарчы метр жыгач устундуу, шифер жабылган сарайдын чатыры, 10 тонна жыйылган эндей чөп күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.