Кыргыз Республикасынын өспүрүмдөр курамасы 15-сентябрдан 2-октябрга чейин Индияда өтө турган Азия чемпиондугуна даярдыгын улантууда. Самат Сүймалиев машыктырган курам машыгуу сборунун алкагында Казакстандын "Кайрат" футболдук клубунун өспүрүмдөрдөн турган командасы менен беттешти.
Бүгүн, 27-апрелде КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, анда 4:2 эсеби катталып, кыргыз футболчулары жеңишке жетишти. Кыргыз футболчуларынан 3 голду Гүлжигит Алыкулов өз эсебине жазды. 1 голду Эмир Шыгайбаев киргизди.