Жол кырсыгына кабылган патрулдук милициянын унаасын жана алар менен сүзүшкөн жарандын унаасын ким оңдой турганы сот аркылуу чечилет

Жол кырсыгына кабылган патрулдук милициянын унаасын жана алар менен сүзүшкөн жарандын унаасын ким оңдой турганы сот аркылуу чечилет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 27-апрелде патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ жол кырсыгына кабылган патрулдук милициянын 3 кызматкери менен аларга урунуп калган Volkswagen Passat унаасынын айдоочусу алган жаракаттарынан улам азыркы тапта ооруканада. Ал эми патрулдук милицияга жеткирбей качып кеткен Volkswagen Touareg унаасынын айдоочусу табыла элек. Аталган факт боюнча соттук-медициналык, транспорттук экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Эскерте кетсек, кечээ саат 12:30 чамасында Volkswagen Touareg унаасын айдап бара жаткан айдоочу жол эрежесин бузган соң милициядан качууга аракет кылган. Патрулдук милиция Салиева көчөсүндө аны кууп бара жатып Чолпон-Ата көчөсүнөн чыккан Volkswagen Passat унаасын сүзүп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
bolotbai4
2016-04-27 15:41:03
Ылайым табылбай калсын омиинь,куноо патрулдун озундо,шугур келтирсин олбой калгандарына.
+2
abusait
2016-04-27 15:41:31
Жан талашып куубай эле , маркасы номерин жазып алып издешсе болмокда. Ансыз да тыгын тар кочолордо тамаша болбой.. .
+5
Isken.der
2016-04-27 15:45:22
Булар да Такси деген кинодой болгусу келген го
+7
uluukyrgyz
2016-04-27 15:51:13
Каазга тенелем деп ордоктун буту сыныптыр дегендей бул болбогон реформанын эч кандай пайдасы жок экенин далилдейт
+5
radyakiz
2016-04-27 15:52:43
Тиги чыга калган машина да катуу келаткан машинаны коруп жааай шащпай чыгат да бурулуп
-6
isko-nookat
2016-04-27 15:58:22
албетте сотто МАИ кызматкерлери утуп чыгат,карапайым калкка эле кыйын болду!
+5
Anarbek58
2016-04-27 16:18:18
Машиналарды МАИкызматкерлерине толотуш керек.Эгерде сот МАИ кызматкерлерин пайдасына чечкен болсо,Сотко да ишенич калбай калат.
+4
Elizza
2016-04-27 16:33:25
Качпай эле койсо болмок экен...
0
al-abu-kinesz
2016-04-28 09:31:48
МАИ мигалкасы менен бараткан болсо по любому прав болот, жабырлануучу байкуш болобу бай болобу жол бериш керек эле. Качып кеткен адамды таап, олчойто штраф салып туруп, ким жабырланган болсо ошонун машинасын ремонт кылдырып бериш керек
0
hann
2016-04-28 23:40:09
Качкандар кармалса качканы учун жооп алышат буюрса. Ал эми сузулган машынанын айдоочусу жол эрежесин сактабаганы учун жоопко тартылышы мумкун. Деги эле мигалкасы жанып келе жаткан унааны откорууго уйроно албай койдук го. Озгочо тез жардам унаасын куттуруп же алдына тушуп алып кебелбей журо беребиз го кой жайып жургонсуп
0
Gulisa
2016-04-29 00:17:45
Конечно Гаишниктер кунолуу.
0
Gulisa
2016-04-29 00:30:11
Бизге давно пора страховка киргизуу двухсторонний.Обязательном в порядке.Кто прав кто виноват страховщики разберутся эки жаттын тен машина сын ондоп беришет.За это в год один раз страхуещь машину и все.А то бир жак толош кыйын болот аныкын еще озунукун .Страховые компании для чего тогда.На место ДТП приедет и разберутся агенты кто прав кто не виноват эки жакта тен страховка болуш керек.Кудай сактасын авариядан законго Киргизип праваны сурагандай обязательно проверить надо у водителей.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан