Кемин шаарында эки жигит тарабынан зордуктоого кабылган жабырлануучу өз каалоосу менен жыныстык катнашка барып, кийин аларга таарынып арызданганын билдирип, тосмо арыз жазып берди. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 24 жаштагы К.М. аттуу кыз кайрылып, 14-апрель күнү саат 23:00 чамасында анын эки чала таанышы күч колдонуу менен иштебеген май куюучу жайга алып барып зордуктап койгонун билдирген. Бул факт боюнча "зордуктоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары кармалган А.А. жана Ж.Д. аттуу жарандар жабырлануучу аларды жакшы тааный тургандыгын жана өз каалоосу менен жыныстык катнашка барганын айтып, көп өтпөй алардын ортосунда уруш чыгып кеткенин кошумчалашкан. 19-апрель күнү жабырлануучу кыз кайрадан милицияга кайрылып, кылмышка шектүүлөр аны зордуктабаганын айтып, аларга таарынып, өч алуу үчүн арыз жазып койгонун билдирип, тосмо арыз жазып берген. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жабырлануучу тосмо арыз жазып бергендигине байланыштуу иш токтотулмакчы.