Америкалык ырчы Алиша Киз футбол боюнча ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын финалынын алдында стадиондо жандуу ырдайт. Көпчүлүккө белгилүү болгондой, финал 28-майда Италиянын Милан шаарындагы "Жузеппе Меацца" ("Сан-Сиро" деп да аталат) стадионунда өтөт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Алиша Киз аталган мелдештин финалына саналуу мүнөттөр калганда стадиондо жандуу ырдаган алгачкы ырчы болмокчу. Буга чейин Чемпиондор Лигасында мындай салт жок эле.
Кошумчалай кетсек, "Футбол достук үчүн" деген аталыштагы форум алкагында 14 жашка чейинки курактагы кыргыз футболчулары Чемпиондор Лигасынын финалына күбө болушат. Форумга дүйнөнүн 32 мамлекетинен келген жаш футболчулар катышат.