Нарын шаарында мектеп окуучуларынын Республикалык Спартакиадасы өтөт

4-7-май күндөрү Нарын шаарында мектеп окуучуларынын Республикалык Спартакиадасы өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдешке жети облус жана Бишкек, Ош шаарларынан 450 окуучунун катышары күтүлүүдө. Ал спорттун 6 түрү боюнча өткөрүлөт: шахмат, улуттук күрөш, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, стол үстүндөгү теннис жана ордо. Учурда мелдеш өтчү жайды даярдоо иштери жүрүп жатат.

Аталган мелдеш Тарых жана маданият жылына, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата уюштурулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан