"Атлетико" (Испания) - "Бавария" (Германия) - 1:0
Гол: Сауль (10-мүнөттө)
Ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын жарым финалында "Атлетико" футболдук клубу өз стадионунда "Баварияны" утуп алды. Оюндун тагдырын жарым коргоочу Сауль Ньигестин оюндун башында киргизген голу чечти.
Алгачкы таймда "Атлетико" топсуз чуркап, атаандашка дарбазага жакындоого мүмкүнчүлүк түзгөн жок. Негизи, алгачкы 45 мүнөттүктө германиялыктар чабуулда жетиштүү деңгээлде мыкты боло алышкан жок. Сауль гол киргизген эпизоддо атаандаштын коргоочулары чоң ката кетиришти. 2-таймда "Бавария" өтө активдүү, агрессивдүү ойноду, бирок атаандаш коргонууда мыкты болуп, эсеп артыкчылыгын оюн аягына чейин кармап кала алды. Давид Алаба, Артуро Видаль, Роберт Левандовски атаандаш үчүн кооптуу кырдаалдарды түзгөнү менен, топ дарбазага кирген жок.
Кошумчалай кетсек, жооптук оюн 3-майда Мюнхенде орун алат.
Экинчи жарым финалдык беттеште мадриддик "Реал" конокто англиялык "Манчестер Сити" менен беттешип, 0:0 эсеби катталган.