Борбор калаада бир нече уурулук фактыларына шектелген жаран кармалды

Борбор калаада бир нече уурулук фактыларына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-апрель күнү саат 01:30 чамасында 12-кичи райондогу кафелердин биринин жанынан белгисиз жаран Honda CR-V үлгүсүндөгү унаасынын мамлекеттик номурун жулуп алганын билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттерден улам Нарын облусунун 53 жаштагы К.К. аттуу тургуну кармалган. Иликтөө иштеринин алкагында аталган жаран ушул сыяктуу 10 фактыга тиешеси бар экени аныкталган. Учурда бул фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Эгерде бул адамдан жабыркагандар болсо, төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлап коюңуздар: (0312) 54-41-84, (0554) 10-23-31.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Medina87
2016-04-28 10:59:04
Улгайган эле киши экен.
Номер менен да бизнес кылса болобу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан