“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Алмазбек Атамбаев “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2016-жылдын 17-мартында кабыл алган.

Мыйзам дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө мыйзамдуулукту өркүндөтүп, “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамдын жоболорун “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамга шайкеш келтирүү максатында кабыл алынды.

Кабыл алынган мыйзамдын негизги жоболору өкмөттүн, дене тарбия жана спорт, билим берүү, саламаттык сактоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын аныктоого жана тактоого багытталган.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан