Кыргыздар атактуу футболчу Самуэль Это`ого калпак кийгизип, кийиктин шыйрагына сапталган камчы белек кылышты

Атактуу футболчу Самуэль Это`о кыргыздардын колунан ак калпак кийип, белекке камчы алды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 12 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн Кыргыз Республикасынын өспүрүмдөр курамасы Түркияда мелдешке катышкан. Мелдеш алкагында алар "Анталияспор" футболдук клубунун машыгуусуна күбө болушкан. Машыгуудан кийин алар Это`ого ак калпак кийгизип, кийиктин шыйрагына алакандалып сапталган камчы белек кылышты.

Кошумчалай кетсек, чет элдик атактууларга калпак кийгизүү апта ичинде 2-ирет орун алды. Буга чейин 24-апрелде легендарлуу "Спартак" футболдук клубунун оюнчуларынын кол тамга-сессиясында Сальватор Боккетти, Ивелин Попов жана Квинси Промес "Кыргызстан" деген жазуусу бар ак калпак кийишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
bosmos777
2016-04-28 12:10:55
Мен каршымын! Кыргыздын Ак калпагын жана улуттук буюмдарын! Ар Кимге кийгизип белекке тартылоону. Откондо Оруссиянын Спартактын оюнчуларна кийгизишкен эле.
+12
Aidai5555
2016-04-28 12:17:30
bosmos777, туура, мен да каршымын...
+7
fanatkg
2016-04-28 12:24:20
bosmos777, Булар ар ким эмес, булар дуйного данкы чыккан адамдар...
-11
beku5761
2016-04-28 12:23:10
кыргызда баш кийиминди бергенин башынды бергинин деген накыл кеп бар эле. кийинки учурларда чет элдиктерге калпакты тартуулоо модага айланып калгандай.
+16
dubai
2016-04-28 13:09:15
beku5761,озундун баш кийиминди берууго болбойт,бирок белекке берсе эч нерсе болбойт,кыргыз илгертен сый коногуна ак калпак кийгизип,чапанын жаап,астына а мингизип,этин тартып сыйын коргозуп келген,бироого сый-урмат корсотсо жаман болобу?тем более мындай знаменитыйларга,булар жаш футболчуларга шык берип,жакшы улгу болуп атса...ниетинерди туздоп,пейилинерди кенен салып жургулочу айланайындар !
0
rukopashnik
2016-04-28 12:46:30
кийсе эмне болуптур европанын кепкаларын деле кийип жүрбөйбүзбү биз...
-10
realliver
2016-04-28 13:04:05
rukopashniк, кепканы го биз кийип журобуз. А булар калпакты кийишеби ошентип? Барат ыргытылнан боюнча бир бурчта калат да. Озубуз барктап кие албаган калпакты уушулар киймек беле
+5
beast
2016-04-28 13:29:06
Бизге эч теке жакпайт Негизы
-7
azamat.95
2016-04-28 16:46:50
Калпактын баркын кетирбегиле...
+1
JENTELMEN
2016-04-28 18:22:41
Кр да мындай калпактар толтура, кийгизе беришсин дагы башка тигип алышат кыргыздар.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан