"Ала-Тоо" (Нарын) - "Дордой" (Бишкек)
Стадион: Бишкек шаары, "Дордой" спорткомплекси
Башталышы: 17:00
"Абдыш-Ата" (Кант) - "Алга" (Бишкек)
Стадион: Кант, шаары, "Центральный" стадиону
Башталышы: 17:00
Мелдеш жадыбалы тууралуу сөз кыла турган болсок, учурда 1-орунду 3 команда бөлүшүп турат. Тактап айтканда, "Дордой", "Алай" жана "Алга" клубдарынын эсептеринде 11ден упай бар. Кийинки орунду "Абдыш-Ата" ээлеп келүүдө (7 упай). Ошондой эле "Кара-Балтанын" эсебинде 4, "Алдиер" менен "Ала-Тоодо" 3төн упай бар.