Оор атлетика боюнча улуттук курам "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо алды

Бүгүн, 30-апрелде Өзбекстандын Ташкент шаарында оор атлетика боюнча Азия чемпиондугу жыйынтыкталды. “Рио-де-Жанейро-2016” Олимпиадасына жолдомолор ойнотулуучу мелдеште Кыргыз Республикасынын курама командасы командалык эсепте 4-орунду ээледи.

Мелдештин жобосу боюнча, Олимпиадага командалык эсепте алдынкы 5 орунду ээлеген командалар жолдомо алмак. КРнын курама командасы командалык эсепте 4-орунду ээлеп, бир жолдомого ээ болду. Кайсы спортчу барары азырынча белгисиз, анткени бул жолдомо командалык эсепте ойнотулду. Ал эми кайсы спортчу барарын машыктыруучулар штабы чечмекчи.

Ташкенттеги мелдеште кыргыз спортчуларынан Иззат Артыков 69 килограмм салмакта күч сынап, алтын медаль тагынган.

Айта кетсек, мамлекетибизде ушуну менен 10 жолдомо болду. Буга чейин жеңил атлетчилер Мария Карабицкая, Юлия Андреева, Дарья Маслова, грек-рим күрөшүнөн Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев, Мурат Рамонов, эркин күрөштөн Магомед Мусаев, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова жана мушкер Эркин Адылбек уулу Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Nurdoolot1996
2016-04-30 21:10:47
азаматсынар алга кыргызстан
+1
ali1995
2016-04-30 21:11:14
азамматтар!бирок 10 жолдомо вапше аз
+1
Sadyrov_n93
2016-04-30 21:33:41
Азаматсынар,бирок дагы да ийгилик.
+1
ofiser26
2016-04-30 21:34:52
Садаган кетейиндер. Рахмат силерге.
+3
mamashov-emil
2016-04-30 22:46:34
azamattar, joldomo dagynkysy dagy boloo dziudodo 2-3 joldomo alabyz buiursa dagy kuroosh boiuncha 4-5 joldomo alsak bolot iygilik
+1
marat009
2016-04-30 23:57:02
Озбектер бизге караганда кобураак барышса керек
-1
jigit.paren
2016-05-01 09:50:21
Юрий албады беле
0
tim11ai
2016-05-01 17:03:40
Сонун болуп атат го э. Ийгилик каалайм баарыңарга
0
bakytffl
2016-05-02 08:12:08
Рио олимпиадасынан медаль күтүп калабыз. Бардык спортчуларга ийгилик!
0
kg_boy__91
2016-05-03 10:01:40
Азаматтар ийгилик апкелгиле амин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан