Ош шаарында эрежесиз эр уруш боюнча өлкө чемпиондугу жана эл аралык мелдеш старт алды

Кечээ, 1-май күнү Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо ММА жана Панкратион боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиондугу старт алды. Мелдештин ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Жогорку Кеңештин депутаттары, өлкөбүздүн муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КРнын ММА жана Панкратион федерациясынын президенти Улукбек Өмүрзаков, спорт ышкыбоздору жана шаар тургундары катышты.

Мэриядан кабарлашкандай, калаа башчысы өз сөзүндө шаарда спорттун көпчүлүк түрүнөн машыккан чемпиондордун саны артып жатканын белгилеп, эл аралык мелдештерде өлкөнүн рейтинги жогорулап жатканын билдирди.

Мелдештин биринчи күнү өлкөнүн бардык аймактарынан келген 200гө чукул спортчу 7 салмак категориясында күч сынашты.

Казакстан, Тажикстан, Орусия жана Кыргыз Республикасынын спортчуларынын катышуусунда эл аралык мелдеш 2-майга пландалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан