ЖЫЛНААМА, 2-МАЙ. Атактуу англиялык футболчу Дэвид Бекхэм 41 жашка толду

Атактуу англиялык футболчу Дэвид Бекхэм 1975-жылы 2-майда Лейтопстаунда төрөлгөн. Анын апасы чачтарач болсо, атасы уста болгон. Алгач Дэвид "Риджуэй Парк" клубунда ойногон. Ата-энеси "Манчестер Юнайтед" клубунун күйөрманы болгонун эске алып, Дэвиддин "Манчестер Юнайтеддин" академиясында тарбияланганы жөн жерден эмес экенин болжоого болот. Ал "МЮ" менен профессионалдык келишимге 17 жашында кол койгон.
Бекхэм 20 жылдык карьерасында (1993-жылдан 2013-жылга чейин) "Манчестер Юнайтедден" тышкары "Престон Норт Энд" (Англия), "Реал" (Испания), "Милан" (Италия), "Лос-Анжелес Гэлакси" (АКШ), ПСЖ (Франция) сыяктуу клубдарда ойногон. Бул аралыкта ал жалпысынан 540 оюн өткөрүп, 97 гол жарата алган. Ошондой эле Англия курама командасынын формасын кийип 115 жолу майданга чыккан (17 гол киргизген). 2013-жылы ал профессионалдык карьерасын жыйынтыктаганын жар салган.
Бекхэм майданда айып соккуларын таамай тебүүдөгү, пастарды таамай багыттоодогу чеберчилиги менен башкалардан айырмаланып турган.
Футболчу карьерасы аяктаган соң бизнес чөйрөсүндө өзүн сынап келет. Ал жаш кезинен тарта бул жаатта ийгиликке жетишкени көпчүлүккө белгилүү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан