Борбор калаада күч колдонуу менен тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 30 жаштагы Ш.А. аттуу жаран кайрылган. Ал 30-апрель күнү саат 23:00 чамасында Рыскулов жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз жаран күч колдонуу менен 15 миң сом акчасын тартып алганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Москва районунун 25 жаштагы Ж.О. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери улантылууда.