Орусияда Кыргыз Республикасынын желеги желбиреди

Орусиянын Хабаровск шаарында спорттун волейбол түрү боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда SUPER.KG порталына Хабаровск шаарындагы кыргыз диаспорасынын басма сөз кызматы билдирди.

Мелдеште Кыргыз Республикасы, Орусия жана Тажикстан өлкөлөрүнүн атынан 8 команда күч сынашты. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын атынан барган Ош шаарынын "Ош" командасы биринчиликти камсыздады. Ал эми 2-орунга Петропавловск-Камчатск аймагынан келген "Аэронавигация" командасы чыкты.

"Жыл сайын салтка айланып бараткан мелдеш быйыл үчүнчү ирет өткөрүлдү. Мелдештин бирден-бир максаты - бир шаарда жашаган ар башка улуттагы жарандардын ынтымагын арттыруу, достукту бекемдеп, алаканы чыңдоо", - дейт басма сөз кызматы.

Спорттук мелдештин байге фондун Хабаровск шаарында жашап жаткан кыргыздар чогултушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
tashi62
2016-05-02 15:05:30
Азаматтар .
+2
tashi62
2016-05-02 15:06:44
Желектин көтөрүлгөнүн жакшы тартыш керек эле .
-1
Anarbek58
2016-05-02 15:13:51
Баракелде!!!
+2
OMURBEK.
2016-05-02 17:27:20
Азаматсынар
-1
nelya88
2016-05-02 23:59:53
Суротто биздин желек 2-орунда илинип турат го..
0
admin_portal
2016-05-03 11:06:35
nelya88, саламатсызбы!
Сүрөт оюнга чейин тартылган.
0
kg_boy__91
2016-05-03 09:59:15
Мигранттардын арасында откон меллеш окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан