Бишкекте 9-Май - Жеңиш күнүнө карата ат чабыш жана көк бөрү боюнча мелдеш орун алат

9-майда Бишкектеги "Аккула" ат майданында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата улуттук курамды бекемдөө максатында жана Жеңиш күнүнө карата улуттук ат оюндары өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, көк бөрү боюнча чүчү кулак таштоо 4-майга белгиленсе, 5-8-майларда топтук таймаштар өткөрүлөт. 9-майда көк бөрү боюнча мелдештин 3-орун үчүн беттеши жана финалдык беттеш орун алат.

Буга катар кунан чабыш, кунан жорго, кыска аралыкка кунан чабыш, кыска аралыкка бышты чабыш, бышты жорго, топ байге, кыска аралыкка ат чабыш, жорго салыш, ат чабыш боюнча жеңүүчүлөр аныкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан