Борбор калаадагы интернет-клубдардын биринен кардардын кол саатын уурдоого шектелген өспүрүм кармалды

Борбор калаадагы интернет-клубдардын биринен кардардын кол саатын уурдоого шектелген өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 36 жаштагы У.Д. аттуу жаран кайрылган. Ал 29-апрель күнү саат 18:00 чамасында борбордогу интернет-клубдардын биринен белгисиз адам 2,5 миң сомдук кол саатын уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 14 жаштагы А.Э. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан