Акчалуу, абройлуу клубдарды артта калтырып, "Лестер" футболдук клубу Англия Премьер-лигасында чемпион аталды

3-майга караган түнү Англия Премьер-лигасынын 36-турунда "Тоттенхэм" жана "Челси" клубдары 2:2 эсебинде ойноп, бирден упайга ээ болушту. Тең чыгуу чемпиондук үчүн жарышта башкы атаандашы "Тоттенхэмди" 7 упай артта калтырган "Лестердин" мөөнөтүнөн мурун чемпион болуусун шарттады.

Клаудио Раньери машыктырган команда курам 38 турдан турган чемпиондуктун 22-турунда лидерлик сапка көтөрүлгөн. Ошол бойдон алар чемпиондукка жете алышты.

Акыркы эки турда "Лестердин" атаандаштары "Эвертон" жана "Челси" футболдук клубдары болмокчу. Бул оюндардын жыйынтыгы эч кандай мааниге ээ эмес.

Кошумчалай кетсек, мелдеш жыйынтыкталарына 2 гана тур калды. "Лестердин" эсебинде 77 упай бар. Ал эми "Тоттенхэмде" 70 упай болуп, лидерди упай катыштыгында кубалап жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

"Лестер" Англия Премьер-лигасында өткөн жылы 14-орунду ээлеген. Быйыл болсо өз тарыхында алгачкы жолу аталган лигада чемпион аталды.

"Лестердин" оюнчулары Англия чемпиондугун утканына катуу сүйүнүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
kaidasyn
2016-05-03 08:32:54
Мындан ары да ийгилик!
+4
abusait
2016-05-03 09:07:30
Мына чыныгы сенсация!!! акча баарын чече албастыгын Лестер далилдеп койду.
+5
Aduk_aksuu
2016-05-03 09:49:22
Молодец Лестер куттуктайбыз
+4
kg_boy__91
2016-05-03 09:52:50
Эркек
+3
ruskarakol
2016-05-03 10:06:59
Лестер алга
+3
arman00
2016-05-03 11:18:45
вое тулкулор куттуктайз
0
fara2503
2016-05-03 13:17:17
Лестер чемпион.... АПЛ эмнеси менен кызык, мына ушунусу менен.
+2
bakaiBBBB
2016-05-03 13:26:59
Алар бул дуйно баарын эле Акча чечет деген созду талкалап салышты. Чоон рахмат сага Лестер сити
+1
Neymarf
2016-05-04 03:32:23
Эмне дейбиз!Жаны жылдык жомок аягына келип жетти!Браво Лестер!Клаудио Раньери айткандай:Рияд Марез, Нголо Канте жана Жейми Варди менин уч баламдай эле деп айтканы бар!Мыкты команда!Эми русский лестер аталган РФПЛ Ростову чемпион болсо чыныгы жомок болот да!
0
Maks_shop
2016-05-04 04:19:02
Муну Ангилия чемпионаты деп койот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан