Бүгүн Чемпиондор Лигасынын жарым финалында "Бавария" менен "Атлетико" жооптук беттеш өткөрүшөт

"Бавария" (Германия) - "Атлетико" (Испания)

Стадион: Мюнхен шаары, "Альянц Арена" стадиону

Калыс: Гүнейт Чакыр (Түркия)

Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты)

(Биринчи оюнда "Атлетико" 1:0 эсебинде уткан).

Бүгүн, 3-майда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым финалында "Атлетико" жана "Бавария" клубдары беттешет. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.

Бул лиганын жарым финалдык баскычындагы жооптук оюн экенин эске салабыз.

Финалга чыгууну тилеп турган командалардын машыктыруучулары төмөнкүчө ой бөлүшөт.

Хосеп Гвардиола, "Бавариянын" башкы машыктыруучусу:

- Биз биринчи кезекте мыкты коргонуп, оюндун жүрүшүн көзөмөлдөшүбүз керек. "Атлетико" коргонууда мыкты ойнойт жана кези келгенде мыкты чабуулдарды уюштурганга жөндөмдүү. Мындай атаандашка каршы ойноо бир топ кыйын, бирок финалга чыгуу үчүн колдон келгенин кылабыз.

Диего Симеоне, "Атлетиконун" башкы машыктыруучусу:

- Биздин командада мыкты, тажрыйбалуу оюнчулар бар. Биринчи оюнда "Баварияга" каршы мыкты ойнодук. Бул жолку оюн андагы оюндан айырмаланат. "Бавария" мыкты оюнун көрсөтүүгө аракет кылат, бирок биз дагы жеңишти көздөйбүз. Башкы максатыбыз - финалга чыгуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
abusait
2016-05-03 09:35:23
Чыныгы футболдук таймаш бугун болотко..! Кимиси утса да кызыктуу оюн кутобуз.
+6
Topcubai
2016-05-03 09:44:46
Баварияга жениш
+2
Aduk_aksuu
2016-05-03 09:45:26
Атлетико чыкса жакшы болмок.
0
ruskarakol
2016-05-03 10:08:57
Атлетико женсе экен
-2
Adiyu
2016-05-03 10:24:12
Атлетико алга! Атлетико чыгат буюрса финалга, (2-1)
-2
rukopashnik
2016-05-03 11:30:03
атлетико чыксын каяктагы немис машинасы эмес...
-1
NARYNGRAD
2016-05-03 11:41:27
Бавария жеңет!
0
arawan
2016-05-03 12:25:58
бавария 4:0 менен женет го дубль левандовский дубль мюллер болот болуш керек
+2
Samat93939393
2016-05-03 14:24:32
Бавария өз үйүндө мыкты коргонуп мыкты чабуул кылып кыскасын айтканда мыкты ойун көрсөтүүгө тийиш. Бул беттеште Атлетиконун шансы алда канча көбүрөөк.
0
Samat93939393
2016-05-03 14:25:59
Бавария чемпион
+2
Ersu
2016-05-03 15:29:31
Пенальти болсо экен
-2
azat_sokrat
2016-05-03 16:48:11
Кыргызстанда кайсы каналдан туз эфирден корсок болот ?билгендер болсо айтып коюунуздарчы сураныч
+1
tashi62
2016-05-03 16:59:59
azat_sokrat,матч твдан көрсөтөт.
0
beku5761
2016-05-03 20:47:51
атлетико алга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан