"Атлетико" футболдук клубу конокто "Баварияга" утулганына карабай Чемпиондор Лигасынын финалына жолдомо алды (фоторепортаж)

"Бавария" (Германия) - "Атлетико" (Испания) - 2:1

Гол: Хаби Алонсо (31-мүнөттө), Роберт Левандовски (74-мүнөттө) - Антуан Гризманн (54-мүнөттө).

4-майга караган түнү Европадагы эң ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык баскычындагы жооптук оюн орун алды. Анда "Бавария" футболдук клубу өз үйүндө "Атлетикону" кабыл алды.

Беттеште "Бавария" футболдук клубу 2:1 эсебинде жеңишке жетишти. Германиялык клубга кийинки баскычка чыгуу үчүн бул эсеп катыштыгы жетиштүү болгон жок, себеби эки оюндун жалпы эсеби 2:2 болуп, "Атлетико" конокто киргизген голдун эсебинен жарым финалга чыкты (алгачкы оюнда "Атлетико" 1:0 эсебинде уткан).

Оюндун жүрүшүнө токтолсок, "Бавариянын" футболчулары 1-таймда өтө активдүү ойноп, атаандаштын дарбазасына катар-катары менен соккуларды узатышты. Алгачкы гол 31-мүнөттө айып соккусунан киргизилди. 34-мүнөттө үй ээлери эсепти 2:0гө айландырышмак, бирок Томас Мюллер пенальтиден гол киргизе албай калды. Бул эпизоддо "Атлетиконун" дарбазачысы Ян Облак мыкты болуп чыкты.

1-тайм аяктап, командалар 15 мүнөттүк эс алууга жөнөштү. Албетте, кийим которуучу жайда эки команданын тең машыктыруучулары шакирттерин катуу шыктандырганы белгилүү. 2-тайм башталганда "Бавариянын" коргоочулары ката кетирип, Антуан Гризманн дарбазачы Мануэль Нойер менен бирге-бир чыгып, эсепти теңеди. Кийинки гол 74-мүнөттө киргизилди. Бул гол "Бавариянын" кийинки турга чыгарына үмүт берди, анткени 3-голду жаратуу менен "Бавария" финалдык жолдомону камсыздамак.

85-мүнөттө Фернандо Торресте оюнга чекит койгонго мүмкүнчүлүк болду, бирок "Бавариянын" дарбазасына багытталган пенальти голго айланган жок.

Оюн акыр-аягына чейин "Бавариянын" чабуулдары менен коштолсо да, эсепте өзгөрүү болгон жок. Финалдык ышкырык жаңырып, "Атлетико" лиганын быйылкы сезонунун финалына жолдомо алган алгачкы команда болду (экинчи финалчы "Реал" - "Манчестер Сити" командаларынын оюнунда аныкталат).

Кошумчалай кетсек, финалдык беттеш 28-майда Италиянын Милан шаарында орун алат.

Бавария-Атлетико. Чемпиондор Лигасы. 1/2 финал
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
abusait
2016-05-04 03:23:42
Кутулгондой эле оюн абдан кызыды. Бавария устомдук менее ойноп утсада, финал ага буюрбаптыр. Матрасниктерди куттуктайбыз алар финалда!!
+2
Samina007
2016-05-04 03:27:23
эээх күчтүү футбол болдуго,овер тайм болгондо андан да кызык болмок.жалко БМВ журбой калды
+5
Nurbelek
2016-05-04 04:47:17
Миланда Сити менен рма нын кимиси тушсо да жейтко жейт атм))
-2
Shadykanov
2016-05-04 08:40:21
Nurbelek,Реал Мадрид тыгат коросунго шет 2-1 же 2-0 менен утат АТМ ди
-2
Mirkgz-1990
2016-05-04 09:37:59
Атлетико мадрид татыктуу эмес финалга
0
myshka406
2016-05-04 09:38:28
Реал талкалайтко баарын Кудай кааласа.
+1
Мэри
2016-05-04 10:40:29
Сүрөттөр жакты )))
0
NARYNGRAD
2016-05-04 11:01:57
Атлетико чыкпайт болчу финалга, случайно кирген голдорунун арты менен эле чыкты, чын-чынына келгенде Атлетико Баварияга тен тайлаша ойной албайт.Бавария татыктуу болчу.
-2
kg_boy__91
2016-05-04 20:31:49
NARYNGRAD,сен оюнга конул бурган эмес окшойсун голдорду случайно кирди деп ойлосон
0
rukopashnik
2016-05-04 11:26:32
Атлетико татыктуу эмес дейсиңер,эмне Барселона Баварияны эшек такалап атып финалга келди дейсиңерби!
футболго түшүрбөгөндөн кийин антип жазыштын кажети жок,менин жеке ойум
+3
bazarkyl
2016-05-04 13:30:34
rukopashnik,эн туура айтасын. Атлетиконун Оюундарын корбогондон кийин, отуруп алып ооз коптургон болбойт. Ла-лигада ошол Реал дегенинер Атлетикодон ылдый турат.
+2
Mirkgz-1990
2016-05-04 22:12:52
rukopashnik,90 минута канча жолу барды бавариянын дарбаза жагына Атлетико мн өзүнө окшоп ойногон команда болсо ойундун кызыгы кетет алар өздөрүнүн полясына автобус эмес трактор парковать этип алыштыго
0
tashi62
2016-05-04 11:37:55
Оюн деп ушуну айт.
0
kg_boy__91
2016-05-04 20:27:12
Бул сезон атлетиконуку барселонаны чыгарды проуфиналда баварияны чыгарды эми финал да реалды чыгарат
+1
ruslankg
2016-05-04 21:42:25
Атлетико 100%татыктуу ойноду
+1
radj
2016-05-04 22:00:01
Финалда Атлетико Мадрид Ман.Сити ге да же Реал Мадридке да женил атаандаш эместиги айдан ачык. Балким быйылкы чемпион.
+1
D.Malikov
2016-05-04 23:34:30
Атлетико женишке татыктуу.Финалда Реалды женсе жакшы болмок,эгер экоо ойноп калса.2013-14-жылкы сезондо Реал Атлетикогр акыркы секунддарда гол уруп,анан кошумча убакытта женип кеткен,бул сезондо женсе экен,буйруса.
+1
Adi.Avazbekov
2016-05-06 17:59:34
D.Malikov,2013 14 jyldagy esep kaitalanat dagydagy
0
football1
2016-05-05 00:12:38
Кыскасы Гвардлер капут болду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан